Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү талаптарын күчөттү
Министрлер Кабинети «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топтору үчүн типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Чечимге ылайык, административдик кызмат орундарынын айрым категориялары үчүн Министрлер Кабинетинин нормативдик актылары менен белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү талабы бекитилди. Ошол эле учурда кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү талабы сакталат.
Бул өзгөртүүлөр ар кандай деңгээлдеги кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарга тиешелүү болуп, «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жоболорун ишке ашырууга багытталган.
Министрлер Кабинетинде документ мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилдин ролун күчөтүүгө жана административдик иштин сапатын жогорулатууга багытталганын белгилешти.
2025-жылдын апрель айында Министрлер Кабинети мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү боюнча этап-этабы менен киргизилүүчү талаптарды бекиткен.
Ага ылайык:
• 2025-жылдан тартып мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли B1 (орточо) деп белгиленип, 2027-жылга чейин B2 (ортодон жогору) деңгээлге көтөрүлөт;
• Педагогдор, медицина кызматкерлери жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери үчүн B1 деңгээли 2026-жылдан тартып киргизилип, 2028-жылга чейин B2 деңгээлине жеткирилет;
• Этностук азчылыктардын өкүлдөрү үчүн 2026-жылдан баштап A2 (базалык) деңгээл белгиленип, 2028-жылга чейин B1 деңгээлине өтүү каралган.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли «Кыргызтест» системасы аркылуу тастыкталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



