Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаап, туман түшөт - аба ырайы

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунун дыйканчылык зонасында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаап, дыйканчылык зонасында жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдордо кар тоңуп, тайгак (муздак) болушу күтүлөт.

Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4–9 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн -9…-14°
күндүз 0…-5°

Талас облусу
түнкүсүн -8…-13°
күндүз -3…+2°

Баткен облусу
түнкүсүн -1…-6°
күндүз 0…+5°

Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -1…-6°
күндүз 0…+5°

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…-9°
күндүз -1…+4°

Нарын облусу
түнкүсүн -18…-23°
күндүз -6…-11°

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамал батыштан 4–9 м/с. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн -9…-11°, ал эми күндүз максималдуу температурасы 0…-2°.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан 4–9 м/с. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз максималдуу температурасы +1…+3°.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз