Кыргыз тилин шылдыңдады делген блогерлер кармалып, милицияга жеткирилди

Социалдык тармактарда коомдук резонанс жараткан видео тарады. Видеодо блогерлер кыргыз тилин шылдыңдаганы көрүнөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 20-январда билдиргендей, бул факты боюнча текшерүү иши башталган. Анын алкагында борбор калаанын милициясынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери эркек кишилердин өздүгүн аныкташкан. Алар — 1991-жылы туулган Т.К., 1991-жылы туулган С.С. жана 1991-жылы туулган М.М. болуп чыкты.

Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Блогерлер видеосу үчүн кечирим сурашты.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз