Депутат Кара-Суудагы асфальт заводдун экологиялык коопсуздугун текшерүүнү суранды

Депутат Гүлайым Машрапова (№8 шайлоо округу) Кара-Суу районунда жайгашкан «Асфальт-Бетон Групп» заводунун экологиялык коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүүнү суранды.

Парламенттин жыйынында ал аталган заводдон чыккан түтүн боюнча жергиликтүү тургундардан көптөгөн арыздар түшүп жатканын билдирди. Анын айтымында, завод аба ырайынын шарттарына байланыштуу 20-декабрдан тартып убактылуу ишин токтоткон, бирок күн жылыган соң кайрадан ишин улантууну пландап жатат. Депутат заводдун ишмердүүлүгү экологиялык талаптарга канчалык деңгээлде шайкеш келерин текшерүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кара-Суу районунда дүлөй жана тилсиз балдар үчүн интернат бар экенин маалымдап, анда 60 бала тарбияланып жатканын айтты. Анын айтымында, ар бир балага тамак-аш үчүн күнүнө болгону 28 сомдон гана каражат бөлүнөт. Бул сумма жетишсиз болуп, акылга сыярлык үнөмдөө принциптерине да туура келбейт деп эсептейт депутат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз