Таластагы Токой фондунун жерлери боюнча коррупциялык схема: Бакай-Атанын акими кармалды

Талас облусунда мыйзам талаптары системалуу жана одоно бузулган фактылар аныкталды, деп билдирди 23-январда УКМКнын басма сөз кызматы.

Тергөө версиясына ылайык, Бакай-Ата районунун акими (мурда Талас облустук Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыгынын башчысы болгон) А.Б.М., Талас токой чарбасынын директору (ӨКМге караштуу Токой кызматы) А.Н.Дж., ошондой эле башка адамдар 2022–2023-жылдары коррупциялык схема уюштурушкан.

Алар Талас шаарына кире бериштеги борбордук трассанын боюнда жайгашкан, мамлекеттик токой фондусуна таандык жерлерди мыйзамсыз түрдө эс алуу (рекреациялык) максатта жарандарга берип келишкен. Тактап айтканда, төмөнкү жер тилкелери мыйзамсыз берилген:
    •    жаран М.Н.И. – 3,2 гектар
    •    жаран К.у.Ч. – 3 гектар
    •    А.Г.А. (Бакай-Ата районунун акиминин жубайы) – 2 гектар
    •    жаран С.М.Т. – 1,2 гектар

Бул жерлерде кийинчерээк капиталдык эс алуу зоналары курулган.

УКМКнын маалыматына ылайык, жер тилкелерин берүү төмөнкү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгон:
    •    токой жоготуулары эсептелбей жана төлөнбөй берилген;
    •    мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу алынган эмес;
    •    кадастр органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн эмес (кыймылсыз мүлк объектилерине идентификациялык коддор берилген эмес);
    •    архитектура жана шаар куруу органдарында тиешелүү каттоо жок болгон.

Мунун натыйжасында, токой жоготууларын төлөөдөн гана мамлекетке келтирилген зыян 23 миллион сомдон ашкан.

Ошондой эле УКМК белгилегендей, 2024-жылы аким өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, тиешелүү уруксат документтери жок туруп, Ак-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты С.И.А. жана мурдагы айыл өкмөт башчысы Б.О.Дж. менен алдын ала сүйлөшүп, Бакай-Ата районунда “пирамидалдык терек” дарактарын кесүүгө уруксат берген. Жалпысы 475 даана дарак кыйылган.

Бул факт боюнча мамлекетке 5 миллион 310 миң 505 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча катталып, кызмат адамдары кармалып, Талас шаардык ИИМдин убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди.

Учурда тергөө иштеринин алкагында башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз