Курулуш министрлигинде маяна 500 миңге жетет, - Н. Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы өз баракчасында Министрликтин департаменттеринин бириндеги орточо айлык акы тууралуу айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

Буга чейин ал «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде министрликтин бир департаментинде орточо эмгек акы 150–160 миң сомду түзөрүн билдирген.

Министр өз билдирүүсүндө министрликтин департаменттери өзүн-өзү каржылоо (самофинансирование) механизминин негизинде иш алып барарын, мында орточо айлык 150 миң сом экенин, ал эми айрым департаменттерде айлык акынын өлчөмү 500 миң сомго чейин жетерин белгилеген.

Курулуш министринин айтымында, айлыктын көлөмү кызматкердин ишине жараша болот, ал эми министрликте иштегендер тар адистешкен (жогорку квалификациялуу) адистер болуп саналат.

«Алардын көпчүлүгү — архитекторлор, куруучулар, конструкторлор жана инженерлер. Бул адистердин билими жана тажрыйбасы эмгек рыногунда жогору бааланат. Алар көп кабаттуу үйлөрдү жана татаал инженердик объектилерди курууда тиешелүү документацияны жана долбоорлорду текшерип, ошол объектилер үчүн жоопкерчилик тартышат», — деди министр.

Министрдин айтымында, ошол себептен кызматкерлер мындай деңгээлде айлык алышат. Ошондой эле Орунтаев Министрликтин эшиктери зарыл билимге жана иштөөгө даярдыгы бар жарандар үчүн ар дайым ачык экенин белгилеп, тиешелүү кесиптеги адистерди Курулуш министрлигине ишке келүүгө чакырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз