Кыргызстанда пенсиялык стаж 6 жылга чейин узартылды, - Соцфонд
Кыргызстанда пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган эмгек стажы өзгөрдү — эми 6 жыл стаж керек. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Биринчи радио» берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр 2024-жылы киргизилген.
Буга чейин аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка чыкканда пенсия алуу үчүн кеминде 20 жыл эмгек стажы болушу керек эле. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул талап 5 жылдан баштап, этап-этабы менен көбөйтүлмөй болду.
«2026-жылдын 1-январынан тартып 6 жылдык стаж талап кылынат. Бул стажга эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн жумуштан тышкары, аскердик кызмат өтөө, декреттик өргүү жана мыйзамда каралган башка мезгилдер да кирет», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



