Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыгарылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 24-январда кармалган саясатчылар жана активисттер боюнча кылмыш ишинде баш коргоо чарасын өзгөрттү.
26-январда «Сводка АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сот ИИМдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 17-мартка чейин үй камагына чыгарды:
КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-берене, 2-бөлүк, 36-берене, 278-берене, 1-бөлүк («Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүдө уюштуруучулук кылуу») боюнча айыпталган А.Ш.К. (Атазов Шайлообек Карыбекович);
КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-берене, 2-бөлүк, 36-берене, 278-берене, 1-бөлүк («Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүдө уюштуруучулук кылуу») боюнча айыпталган К.Н.К.;
КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-берене, 2-бөлүк, 36-берене, 326-берене («Бийликти күч колдонуп басып алууну уюштуруу») боюнча айыпталган К.К.Б. (Кадыров Кубанычбек Бекбосунович).
Алар Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев жана башкалар менен бирге 2025-жылдын 22-ноябрында кармалып, СИЗО-1ге камалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



