Жаңы эрежелер боюнча авто мектептерге арыз кабыл алуу февралдын ортосунан башталат
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 26-январда социалдык тармактар аркылуу жеке автоайдоочуларды даярдоочу мектептердин өкүлдөрүнүн нааразычылыгына байланыштуу пикирин билдирип, айдоочуларды окутуу жана айдоочулук күбөлүк берүү системасын масштабдуу реформалоо башталганын маалымдады.
Анын айтымында, мурда айрым жеке автоайдоочуларды даярдоочу мектептерде айдоочулук күбөлүктөр иш жүзүндө сатылып келген.
«Муну ачык айтып, чындыкты моюнга алышыбыз керек. Мунун кесепети — миңдеген жол кырсыктары», — деп жазган Туманбаев.
Ал жолдордогу абал азыркыга чейин кооптуу бойдон калып жатканын белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга салыштырмалуу жол-транспорт кырсыктарынын жана адам өлүмүнүн саны көбөйгөнүн кошумчалады.
«Рулга отурганда биз өз өмүрүбүз үчүн гана эмес, жолдогу ар бир адам үчүн жоопкерчиликти алабыз. Айдоо — бул чоң жоопкерчилик», — деди ал.
Ошондой эле Туманбаев жеке автоайдоочуларды даярдоочу мектептердин ээлери алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу алдын ала кабардар кылынганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, автошколалардын жетекчилери “Ынтымак Ордо”го чогултулуп, пландалып жаткан реформалар тууралуу ачык маалымат берилген.
Маалымдалгандай, реформанын негизги багыттарынын бири — айдоочуларды даярдоо системасын өзгөртүү. Мындан ары курсанттарды мамлекеттик көзөмөлдөгү автоайдоочуларды даярдоочу мектептер гана окутат. Ошол эле учурда Туманбаев бул өзгөрүүлөр бардык жеке автошколаларга каршы багытталбаганын, татыктуу адистерди мамлекеттик система аркылуу ишке тартуу пландалып жатканын баса белгиледи.
Белгиленгендей, 2026-жылдын февраль айынын ортосунан тартып жаңы окуу планы жана бекитилген стандарт боюнча арыздарды кабыл алуу башталат.
«Бул реформалар кимдир бирөөгө каршы эмес — адам өмүрүн сактап калуу үчүн жүргүзүлүүдө. Тартип сөзсүз орнойт», — деп жыйынтыктады Президенттин Иш башкаруучусу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



