Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 68 миң сом айып пул салынды
Адистер Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы аң-уулоо эрежелерин бузган мергенчилер боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу, Ноокат райондорунда аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышы жана ок атуучу куралдардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө максатында кезектеги рейд уюштурулду.
«Алгач рейд Кара-Суу районунда жүрүп, жыйынтыгында эки жаран аң уулоо эрежелеринин талаптарын бузгандыгы аныкталып, аларга Укук бузулар кодексинин 263-беренесине ылайык 12500 сомдон жана 133-беренесинин негизинде 3000 сом, жалпы: 28 миң сомго айыппул салынды.
Ушул эле рейд Ноокат районунда да өтүп, анда Төөлөс айылынын аймагындагы Жылгын-Сай учаскасында төрт жаран 6 даана сары канат чымчыгын капаста мыйзамсыз кармап жүргөндүгү аныкталды. Натыйжада алардын ар бирине Укук бузулар кодексинин 261-беренесине ылайык, 10 миң сомдон 40 миң сом айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.
Ошентип жалпы айыппулдун суммасы 68 миң сом болду. Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү жарандарга айлана чөйрөнү коргоо жана аң уулоо эрежелерин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрү иштери да жүргүзүлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



