Азия кубогу: Кыргызстандын футзал курамасы Ирактан жеңилип калды

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Индонезияда өтүп жаткан Азия кубогундагы алгачкы беттешинде утулуп калды.

Топтук этаптын биринчи турунун алкагында 27-январда кыргызстандыктар Ирак курама командасына каршы ойношту.

Башкы машыктыруучу Нуржан Жетыбаевдин шакирттери эсепти оюн башталгандан 53-секунд өткөндө ачышты. Ауттан топту оюнга киргизгенден кийин Кайрат Кубанычов дарбаза алдына пас берип, Донёр Аманбаев топту атаандаштын дарбазасына багыттап киргизди — 1:0.

Андан кийин кыргызстандыктар дагы бир нече кооптуу учурларды жаратышканы менен, аларды пайдалана алышкан жок.

Биринчи таймдын ортосунда Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Бекболот Акматалиев дарбазадан чыгып, алыстан сокку урган. Бирок атаандаш топту тосуп калды. Кооптуулукту жоюуга аракет кылып жатып, Акматалиев борбордук аянтта колу менен ойноп алып, кызыл карточка алып, оюндан четтетилди.

Сандык артыкчылыкты Ирак курамасы болгону 50 секунд ичинде пайдаланып, эсепти теңеди — 1:1.

Андан соң Кыргызстандын курамасынын оюну таптакыр ыдырап кетип, беттештин аякташына 3 мүнөт калганда атаандаш дагы бир гол киргизди.

Командалар тыныгууга Ирактын пайдасына 2:1 эсеби менен чыгышты.

Экинчи таймга кыргызстандыктар таптакыр башка маанайда чыгышты. Оюндун 26-мүнөтүндө Кайрат Кубанычов буга чейинки голдук пасына кошумча өзү да айырмаланып, алыстан катуу сокку менен эсепти теңеди — 2:2.

Бирок бул гол Ирак курама командасынын чабуулун басаңдата алган жок. Алар кайрадан алдыга умтулуп, Улан Чоробек уулунун дарбазасына үчүнчү голду киргизип, кайрадан алдыга чыгышты — 3:2.

Оюндун акыркы бөлүгүндө Махмадаминов дарбазачынын ордуна аянтчага чыгып, финалдык ышкырыкка эки мүнөт калганда кооптуу сокку урду. Бирок топ кайчылаш таякка тийди.

Беттештин акыркы мүнөтүндө Ирак курамасы Кыргызстандын курама командасынын катасынан пайдаланып, төртүнчү голду киргизди.
Беттеш 4:2 эсеби менен Ирак курама командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы экинчи турда, 29-январда, Индонезиянын курамасына каршы ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз