Депутат айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жаатындагы реформаларды сынга алды
28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Ибрагимов айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн жооптуу болгон мекеменин жетекчиси бул тармакта сунушталып жаткан реформалар боюнча мамлекеттин позициясын так жана түшүнүктүү түшүндүрүп бере албаганын билдирди.
Анын айтымында, бир күн мурда Бишкек шаарына өлкөнүн бардык аймактарынан авто-мектептердин өкүлдөрү — 100дөн ашуун адам келишкен. Депутат алар менен болгон жолугушууга өзү жеке катышканын, бирок тиешелүү мекеменин директору жолугушууга келбей калганын, натыйжада авто-мектептердин өкүлдөрү реформаларга байланыштуу эч кандай түшүндүрмө ала албаганын айтты.
«Кечээ эле ушул эле жетекчи Жогорку Кеңешке чакырылган, бирок, тилекке каршы, ал жакка да келген жок», — деп белгиледи Ибрагимов.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



