Автомектептердин айлык акысы 19 миң сомду түзөт, - Дайыр Орунбеков

Иллюстрациялык сүрөт.

Автомектептердин 10 айлык акысы 19 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков билдирди.

Орунбеков белгилегендей, автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча акыркы күндөрү коомчулукта көп талаш-тартыштар болуп жаткан. Бүгүн президент Садыр Нургожоевич берген маегинде бул маселелердин себептерин ачык жана кеңири түшүндүрүп берди.

Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып, журналисттерди сүйлөтүп жатышты эле. Менин оюмча, урматтуу Президентибиздин бүгүнкү маеги ошол бардык талаш-тартыштарга чекит койду.

"Дагы бир маанилүү жагдайды тактап кетейин. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар “айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен” деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. 
Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт. 

Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен", - деп жазды Орунбеков.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз