Азия Кубогу: Алгачкы эки чейрек финалист белгилүү болду

Футзал боюнча Азия Кубогунун (Индонезия) плей-офф баскычына чыккан алгачкы эки команда белгилүү болду.

29-январда А жана В тайпаларында экинчи турдун беттештери өттү.

В тайпасында Вьетнам жана Таиланд курама командалары экинчи иреттен жеңишке жетип, 1/4 финалга мөөнөтүнөн мурда жолдомо алышты.

Тайпалык этаптын акыркы турунда, 21-январда, бул эки команда өз ара беттешип, тайпадагы биринчи орунду аныкташат.

Ал эми Ливан менен Кувейт эки оюнда тең утулуп, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.

Плей-офф баскычында Таиланд жана Вьетнам А тайпасындагы эң мыкты эки командага каршы ойношот. Бул тайпада Кыргызстандын курама командасы да күч сынашууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз