Орусияда Екатерина Бивол 60 саат милдеттүү жумушка тартуу жазасына кесилди

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Ленин райондук соту 29-январда Екатерина Биволго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарындагы соттордун бириккен басма сөз кызматы маалымдады.

Сот Екатерина Биволду Орусиянын Административдик укук бузуулар кодексинин «Жек көрүү же кастыкты козутуу, ошондой эле адамдык кадыр-баркты кемсинтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 60 саат милдеттүү коомдук жумушка тартуу тууралуу өкүм чыгарды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жана Казакстанда Екатерина Биволго карата кылмыш иштери козголуп, ал издөө жарыяланган. Анын айрым билдирүүлөрү кыргыз жана казак элдерин мазактаган деп бааланган.

Екатерина Бивол — дүйнө чемпиону, боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы. Дмитрий Бивол Кыргызстандагы Токмок шаарында туулган. Екатерина Бивол социалдык тармактарда мурдагы күйөөсү тууралуу үзгүлтүксүз терс билдирүүлөрдү жарыялап келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз