Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы кыргыздар менен казактарды шылдыңдаганы үчүн соттолот
Санкт-Петербург шаарынын Ленин райондук соту Екатерина Биволго карата административдик укук бузуу боюнча ишти каттады.
Санкт-Петербург сотторунун бириккен басма сөз кызматы билдиргендей, ага КоАП РФнин 20.3.1-беренеси («Жек көрүүнү же кастыкты козутуу, ошондой эле адамдык ар-намысты кемсинтүү») боюнча айып тагылууда.
Соттун токтомунда айтылгандай, ИИМдин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгына караштуу «Э» борборунун кызматкери 5-ноябрда социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда Telegram-каналдардын биринен видео аныктаган. Анда Бивол кыргыздар жана казактар тууралуу орой жана кемсинткен билдирүүлөрдү айткан.
«Анын билдирүүлөрүндө улуту, тили жана теги боюнча бириккен адамдар тобуна, тактап айтканда кыргыздар менен казактарга карата терс баа берилген. Бул терс баа мазактоо жана уят сөздөр аркылуу билдирилген. Видеожазууда белгиленген текстте бир адамдар тобунун башка топтон табиятынан (генетикалык белгиси боюнча) артыкчылыгы жөнүндө сөз жүрөт», — деп айтылат токтомдо.
Россиялык жаран Екатерина Биволдун соту 2026-жылдын 29-январында өтөт.
Эгер ал күнөөлүү деп табылса, ага 10 миңден 20 миң рублга чейин айып пул салынат же 100 саатка чейин милдеттүү иштерге тартылат, же 15 суткага чейин административдик камакка алынышы мүмкүн.
Ал эми Кыргызстанда жана Казакстанда Биволго карата кылмыш иштери козголуп, ал издөө жарыяланган.
Екатерина Бивол — дүйнө чемпиону, боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы. Дмитрий Бивол Токмок шаарында төрөлгөн. Екатерина Бивол социалдык тармактарда мурдагы күйөөсү тууралуу байма-бай терс пикирлерди билдирип келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


