Автомектептерде сабактар жумасына 2-3 жолу өткөрүлөт, - Президенттин администрациясы
Автомектептеринде сабактар жумасына 2–3 жолу, ар бири 2–3 сааттан өткөрүлөт. Каалоочулар үчүн онлайн форматта окуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо системасын реформалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бийликтин маалыматына ылайык, жаңы программа боюнча окуу мөөнөтү 10 айды түзөт.
Дайырбек Орунбеков белгилегендей, жаңы талаптар айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Анын айтымында, айдоочулардын жетишсиз даярдыгы жана жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) билбегени жыл сайын жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетүүдө. Мамлекеттин максаты жарандарга кыйынчылык жаратуу эмес, негизги милдет — жол кырсыктарынын санын азайтып, адамдардын өмүрүн сактоо.
Ал 10 айлык окуу теориялык жана практикалык сабактарды камтый турганын, алар жумасына 2–3 жолу 2–3 сааттан өтөрүн жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн онлайн формат да караларын түшүндүрдү.
Орунбеков «эки жарым айлык окуу жетиштүүбү?» деген суроого жооп берип жатып, мындай кыска мөөнөттө толук кандуу билим алуу мүмкүн эместигин айтты. Анын белгилешинче, айдоо — бул жөн гана автоунаа башкаруу эмес, ал эми кыска курстарды бүтүргөндөрдүн көбү жол эрежелерин жетиштүү деңгээлде билишпейт. Ошондуктан жаңы программага психологиялык даярдык жана жол маданиятынын негиздери киргизилген, анткени жолдордо агрессия жана чыдамсыздыктан улам күн сайын жаңжалдар катталууда.
Ал өнүккөн өлкөлөрдө жолдогу өз ара сый-урмат маданияты калыптанганын, ал эми бизде бул деңгээл азырынча төмөн бойдон калып жатканын белгилеп, өзгөрүүгө чакырды.
Орунбековдун айтымында, өнүккөн мамлекеттерде айдоочулук күбөлүк алуу 6 айдан 12 айга чейин, айрым өлкөлөрдө 1,5–2 жылга чейин созулат. Алгач убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет, ал эми эрежелер так сакталганда гана туруктуу күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ал ошондой эле Кыргызстан боюнча статистиканы келтирди:
— 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы катталып, 900 адам каза болуп, 12 169 адам жаракат алган;
— акыркы 10 жылда жалпы 75 063 жол кырсыгы, 9 120 каза болгон, 113 260 жабыркаган.
Жол кырсыгынан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан алдыңкы орундарда турганын да кошумчалады Дайырбек Орунбеков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



