Бишкекте эркек киши шектүүнү аялына карата көрсөтмөсүн өзгөртүү үчүн коркуткан
Бишкек шаарында бейбаштык жана сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 30-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы маалымдады.
Милицияга борбор калаанын тургуну А.И. кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2025-жылдын 19-декабрында алар аны сабап, тапанча менен коркутушкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 6-декабрда арыз ээсин Бишкек ШИИББнин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери кармашкан. Кармоо учурунда ал күчтүү таасир этүүчү дары-дармек таблеткаларын өткөрүп берген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо жана сатуу максатында жүгүртүү») боюнча катталган.
Сурак маалында шектүү таблеткаларды 1995-жылы туулган А.М. аттуу жарандан алганын билдирген. Аталган жаран 29-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилген.
Тергөө версиясына ылайык, кармалган аялдын күйөөсү — 1997-жылы туулган Н.А. коркутуу жолу менен көрсөтмөлөрдү өзгөртүүгө мажбурлоо максатында кылмыш ишинин фигурантына кол салган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») жана 355-беренеси («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук көрсөтүү») боюнча каттоого алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



