ЖКнын спикери Тургунбек уулу Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди

Өкмөт менен депутаттардын ортосунда пикир келишпестиктер жана өз ара түшүнбөстүктөр болуп жатканын депутат Курманкул Зулушев 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Депутаттык топтордун лидерлери, тажрыйбалуу депутаттар менен жетекчилердин орун басарлары кайым айтышып жатат. Айрым учурларда комитет жыйындарына мамлекеттик органдардын бөлүм башчылары эле келип калат. Ушул жерде тартип маселесин да талкуулап алсак жакшы болмок», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул маселелер боюнча кечээ кечинде президент менен сүйлөшкөнүн билдирди.

«Кечээ бул жерде айтылган сөздөр сөзсүз жыйынтык берет. Өлкөдө тынчтык жана биримдик болушу маанилүү. Бийликтин бутактары мамлекет менен элдин кызыкчылыгы үчүн бири-бирин урматташы керек. Айрым кайым айтышуулар — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну ашыкча татаалдаштыруунун кереги жок деп ойлойм», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз