"Ош" базарынын ордуна парк курулат, - Туманбаев
2026-жылдын жай айларында (Фучик көчөсү — Айланма жол аймагында) жаңы Ош базарын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-февралда Ош базарындагы соодагерлер менен жолугушууда билдирди.
«Көчүрүлгөндөн кийин бул жер жабылат да, анын ордуна парк салынат. Ал эми “Кыял” базарынын аймагына оорукана курулат», — деди Туманбаев.
Ал ошондой эле жаңы Ош базарына каттам уюштуруу үчүн 180 автобус сатылып алынганын, алар ошол багытта каттай турганын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



