Өзгөн РИИБинин айрым кызматкерлери жашы жете элек кызга байланышкан кылмыштуу схемага шектелип кармалды
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, РИИБдин улук участкалык милиция кызматкери — милиция капитаны З.у.А., ошондой эле жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. 2008-жылы туулган жашы жете элек Т.А.У.ну айрым жарандар менен жыныстык мүнөздөгү аракеттерге азгыруу аркылуу акча талап кылган кылмыштуу схеманы уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөөнүн версиясы боюнча, милиция кызматкерлери кызды бардар эркектерге алып барып, андан соң жасалма кармоо уюштуруп, материалдык пайда табуу максатында психологиялык басым жана шантаж колдонушкан.
Бул факт боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. 4-февралда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аталган кызматкерлер кармалып, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКнын маалыматына караганда, тергөө учурунда шектүүлөр көрсөтмө беришкен. Ошондой эле бул схемага байланышкан башка фактылар жана мүмкүн болгон катышуучулар да аныкталып жатканы айтылды.
Мекеме өзгөчө белгилегендей, кармалгандардын арасында жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлордун болушу тынчсызданууну жаратат, анткени алардын негизги милдети — балдардын укугун коргоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү.
Учурда тергөө иштери улантылып, шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттерин толук документтештирүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



