Айсулуу Мукашеванын өлтүрдү делген Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза болгону тастыкталды

ЖАМКтын басма сөз кызматы СИЗО-1де кармалып турган, 1984-жылы туулган Кумарбек Абдыровдун өлүмү боюнча маалымат берди.

Анын сөөгү 7-февралда болжол менен саат 12:30 чамасында камеранын ичиндеги темир тор эшиктен табылган. Ал өзүнүн шымын пайдаланып асынып алган.

Дарыгерлер көрсөткөн алгачкы жардамга карабастан, Абдыров каза болгон.

Окуя болгон жерге ЖАМКтын тергөө-ыкчам тобу жана атайын прокуратура кызматкерлери келишкен. Бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

ЖАМК билдиргендей, Абдыров 2025-жылдын 17-декабрында Бишкек ШИИБинен аларга өткөрүлүп берилген. Ал кыз-келиндерге карата бир нече зордуктоо жана өлтүрүү фактылары боюнча айыпталууда. Таксист болуп көрүнүп, аларды унаасына отургузуп, кылмыштарды жасаганы айтылат. Анын курмандыктарынын арасында Камила Дүйшебаева жана Айсулуу Мукашева бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз