Кечээги улактан кийин Ниязавдордун бирине айып пул салынды

Манас Ниязовдун тоюнан кийинки таштандылардын туш келди ташталганы боюнча Жаныш Ниязовго 5 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Экотех көзөмл кызматынын Ош аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээки Өзгөн районунда өткөн аламан улактан кийинки таштандылардын чар жайыт ташталган көрүнүш боюнча Экотех көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан чараларды көрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды  тазалоо иш чараларын жүргүзүү боюнча каттар берилди, Мындан тышкары аламан улак өткөргөн уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго КРнын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 115/1 беренесинин негизинде 5500сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда таштандыларды, уюштуруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз