Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу башталды. Жакшы окугандарга айдоочулук күбөлүк 4 айда эле берилет
Кыргызстанда мамлекеттик автомектептерге окууга жарандарды онлайн кабыл алуу башталды. Ошондой эле айдоочуларды даярдоонун жаңыланган программалары ишке киргизилди.
Президенттин Иш башкармалыгы билдиргендей, арыздар жалаң гана онлайн форматта расмий avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жаран жеке маалыматтарын толтуруп, окуй турган аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн категориясын көрсөтүп, электрондук арызды платформа аркылуу жөнөтүшү керек.
Онлайн арыз жөнөтүлгөндөн кийин маалыматтар каралып чыгып, талапкерлер тандаган аймагына ылайык мамлекеттик автомектептерге катталат.
Курсанттарга ыңгайлуу болушу үчүн теориялык сабактар онлайн форматта өтөт. Ошондой эле бир нече окуу агымдары түзүлгөн. Бул көп сандагы арыздарды камтууга жана автомектептердин жүктөмүн азайтууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, күн сайын жаңы мамлекеттик автомектептер кошулуп жатат. Бир авто-мектеп бир эле учурда бир нече агымды окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул курсанттарды аймактар боюнча тең салмактуу бөлүштүрүүгө жардам берет.
Реформанын алкагында айдоочуларды даярдоонун жаңыланган программалары киргизилди. Алар окутуунун сапатын жогорулатууга, коопсуз айдоо маданиятын калыптандырууга жана жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен автомектептердеги окутуу ыкмаларын кайра кароо мүмкүнчүлүгү каралууда.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, тесттик режимде жогорку жыйынтык көрсөткөн курсанттарга 4 ай окугандан кийин тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет.
Тесттен жана экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттарга 1 жылдык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Эгер ушул убакыт аралыгында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу катталбаса, аларга туруктуу айдоочулук күбөлүк тапшырылат.
Эгер убактылуу күбөлүк алган айдоочу бир жыл ичинде Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузса же жол кырсыгына күнөөлүү болуп калса, анын убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылат. Мындай айдоочу кайрадан мамлекеттик авто-мектепке жөнөтүлүп, калган 6 айлык окуусун улантууга милдеттүү болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



