Савай айыл өкмөтүндө суунун деңгээли көтөрүлүп кеткендиктен 385 үй жараксыз абалга келген, - депутат
Савай айыл өкмөтүндө суунун деңгээли көтөрүлүп кеткендиктен 385 турак жай жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Данияр Толонов билдирди.
Анын айтымында, бул аймакта суунун деңгээли 1985-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. 1988-жылы дренаждык системалар курулган, бирок бүгүнкү күндө алар толуп, иштебей калган. Натыйжада Кызыл-Шак, Кен-Сай, Кыдырша, Курбан-Кара жана Кескен-Сай айылдарындагы 385 үй жашоого жараксыз болуп калды.
«630 гектар айыл чарба жери сазга айланып, камыш басып кеткен. Ошого карабастан, тургундар жер салыгын төлөп келишет. Дренаждык системаларды кайра куруп, жерлерди кургатуу зарыл — бул элге кайрадан продукция өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 500 млн сом инвестиция салынса, өндүрүштү калыбына келтирүүгө болот», — деди Толонов.
Депутат Министрлер кабинетин дренаждык системаларды курууга же болбосо жабыркаган жарандарга башка жерден жер тилкелерин берүүгө чакырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



