Камчыбек Ташиев билдирүү таратты
«Регион ТВ» телеканалы Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусунун текстин жарыялады. Мындан тышкары, бул текстти анын бир катар тарапташтары социалдык тармактарда да бөлүшүштү.
Төмөндө өзгөртүүсүз жарыяланат:
«Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу, Президенттин уруксаты менен Германияга келдим — мурда операция жасалган жерде текшерүүдөн өтүү зарыл болчу.
Бирок кечээ мен кызматтан бошотулганымды билдим. Бул мен үчүн толук күтүүсүз болду.
Кандай гана жагдай болбосун, биз Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз.
Мамлекетке, элге жана Президентке мен ак ниет, берилгендик менен кызмат кылдым — муну менен сыймыктанам.
Өкүнгөн жалгыз нерсем — жеке курам менен өзүм коштошуп кете албаганым.
УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдирем жана кызматта ийгилик каалайм.
Өлкөбүздөгү тынчтык менен туруктуулук үчүн эч ким мыйзамсыз аракеттерге барбашы керек деп чакырам. Биздин бардык иш-аракеттерибиз мыйзамдын чегинде гана болушу зарыл».
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


