Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Мамасадыков Рустам Алайбекович УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-февралда Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген.
Мамасадыков бул кызматка Курванбек Авазовдун ордуна келди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


