Адилет Жумаева «Түндүк» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетти
«Түндүк» ААКсында аткаруу органы — башкармалыктын курамы өзгөрдү.
Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрайымы Жумаева Адилет Витальевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Башкармалыктын төрайымынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Талант Аманов дайындалды.
Чечимдер жалгыз акционер — Санариптик өнүгүү жана инновациялар министрлигинин министри Азамат Жамангулов тарабынан кабыл алынган.
№1 жана №2 чечимдер тиешелүүлүгүнө жараша 2026-жылдын 4 жана 6-февралында кабыл алынган.
Аталган адамдардын уставдык капиталда үлүшү жок.
ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Аманов Т.К. буга чейин башкармалыктын ИТ-блок боюнча мүчөсү болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


