Токмокто Салыык кызматынын кызматкерлери документтерди жасалмалоо боюнча кармалышты

Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалды.
 
«Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда чындыгында аталган бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн»,-деп айтылат маалыматта.
 
2025-жылдын 3-мартында бул адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы тапта ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз