Баары жакшы болот, - депутат Жапаровдун Ташиевди кызматтан бошотуу чечими тууралуу

Депутат Умбеталы Кыдыралиев 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында, өз сөзү менен айтканда, акыркы эки күндө өлкөдө болгон резонанстуу окуяларга комментарий берди.

«Тарыхка кайрылгым келет. 2006-жылы Кыргызстанда жаңы партия — “Ата-Журт” түзүлгөн. Аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздешкен. Мисалы, мен алардын артында экинчи катарда турганмын.

Мен Жапаровго да, Ташиевге да эч качан жалган айткан эмесмин. Түнү бою ойлондум. Биздин президент Садыр Нургожоевич да кабыл алган чечиминен кийин жакшы уктаган жок. Камчыбек Ташиев да кечээ кыйналды, ал ооруп жатат.

Мен алардан улуумун. Жоопкерчиликти өз мойнума алып айткым келет: президент жалпы эл тарабынан шайланган, Ташиев — Кыргызстандын Баатыры. Экөө бирге чек ара маселелерин чечишти. Бюджет өсүп жатат, мамлекет өнүгүп жатат.

Иш учурунда ар кимде түшүнбөстүктөр болот, бул өндүрүштүк чыгымдар сыяктуу. Эки досума кайрылгым келет… Баары жакшы болот. Коюлган максаттарды ишке ашырабыз. Экөө тең өз өлкөсүнүн патриоттору. Эл үчүн баарын таштап чуркап барышат. Биз, парламент да, ушул күндөрү биримдикте болушубуз керек», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз