Акыл Токтобаев мамлекеттик жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин убактылуу башкаруучу болуп дайындалды
Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Акыл Токтобаевдин талапкерлиги министр кызматына дайындоо үчүн макулдашуу иретинде Жогорку Кеңешке киргизилет.
Буга чейин аталган кызматты Медер Машиев ээлеп келген. Ал эми Токтобаев Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеп жаткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


