Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Урматбек Муслинович Шамыркановдун талапкерлиги Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн макулдашуу иретинде Жогорку Кеңешке киргизилди.
Буга чейин ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


