Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын өкмөтүндө чоң кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады

Сердар Бердымухамедов 13-февралда мамлекеттик кызматтар боюнча 50дөн ашуун жарлык жана токтомго кол коюп, бир катар кызматтан алууларды жана дайындоолорду ишке ашырды. Бул тууралуу Фергана агенттиги билдирди.

Вице-премьерлер Мамметхан Чакыев, Байрамгүл Ораздурдыева жана Батыр Аманов кызматтарынан бошотулду. Бошотуу себептери айтылган эмес. Алардын ордуна:
    •    «Түркмөн деңиз жана дарыя транспорту» агенттигинин мурдагы төрагасы Батыр Аннаев,
    •    Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун мурдагы ректору Батыр Маммедов,
    •    «Түркмөннефть» мамлекеттик концернинин мурдагы төрагасы Гуванч Агаджанов дайындалды.

Ошондой эле бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери кызматтан алынды.

Мырат Маммедов пенсияга чыгышына байланыштуу Түркмөнстандын саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Мыратберди Гайыпов дайындалды.

Чарыгелди Бабаныязов айлана-чөйрөнү коргоо министри кызматынан алынып, анын ордуна Овезгелди Гошджанов келди.

Бегмырат Атаев Түркмөнстандын тамак-аш өнөр жайы мамлекеттик бирикмесинин төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Байрамдурды Тедженов дайындалды.

14-февралда президенттин жарлыгы менен улуттук коопсуздук министри Назар Атагараев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынды. Улуттук коопсуздук министрлигин Довлетгелди Мередов жетектей баштады.

Мындан тышкары, Түркмөнстанда Автомобиль жолдорун курулушун башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Автомобиль жолдору министрлиги түзүлдү. Жаңы министрликти Хангелди Керимов жетектейт.

Ашыргулы Беглиев пенсияга чыгышына байланыштуу Түркмөнстандын президентинин мунай-газ маселелери боюнча кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Бердымухамедов Түркмөнбашы, Түркмөнабат, Мары шаарларынын жана бир катар райондордун хякимдерин (шаар жана район башчыларын) алмаштырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз