Акжол Махмудов Бишкектеги мелдештеги жеңиши үчүн канча акча иштеди?
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов эл аралык SUPER 4 WRESTLING күрөш турниринде жеңишке жетти.
Турнир 13-февралда Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» өттү.
Турнирдин негизги беттешинде Акжол Махмудов 2018 жана 2019-жылдары дүйнө чемпионаттарынын, ошондой эле 2019 жана 2022-жылдары Европа чемпионаттарынын коло байге ээси болгон болгариялык Аик Мнацаканян менен күч сынашты.
Махмудов беттешти ишенимдүү өткөрүп, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.
Жеңиши үчүн кыргызстандык балбан чемпиондук эстелик медаль жана 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алды.
Ал эми Мнацаканянга да медаль жана 5 миң АКШ доллары тапшырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


