Ош шаарынын эки вице-мэри кызматтан кетишти

Сонунбек Жунусбаев менен Мирлан Казыбай уулу вице-мэрлик кызматтан кетти. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экөө тең өз каалоолору менен кызматтан кетишкен. 

Сонунбек  Жунусбаев  вице-мэр болуп 2021-жылдын 6-сентябрында ошондогу мэр Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде дайындалган болчу.

Ал эми Мирлан Казыбай уулу 2025-жылдын 2-декабрында вице-мэр болуп дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз