Марат Тагаев TikTok платформасын Кыргызстанда колдонууга уруксат берүүнү сунуштады
19-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Марат Тагаев өлкө аймагында TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Министрдин орун басарынын айтымында, азыркы учурда маалыматтык чөйрөгө мониторинг жана изилдөө жүргүзгөн борбор жоюлган. Ошондой эле министрликтин өзүндө да, жалпы өлкөдө да маалыматтык платформалар жана социалдык тармактар менен системдүү иш алып барган атайын орган жок.
«Кечээ депутаттар айрым платформалар жана Кыргызстанда бөгөт коюлган социалдык тармактар тууралуу сөз кылышты. Бүгүнкү күндө TikTok социалдык тармагы Кыргызстанда бөгөттөлгөнүнө карабастан, жаштар жана жарандар аны VPN аркылуу колдонуп жатышат. Биз министрлик тарабынан TikTok социалдык тармагына коюлган чектөөнү алып салуу боюнча сунушубузду карап чыгууну өтүнөбүз», — деди Тагаев.
Анын айтымында, платформага кирүүгө чектөө коюлушу жаштар аудиториясына, креативдүү индустрия өкүлдөрүнө жана TikTokту жарнамалоо жана киреше табуу куралы катары колдонгон чакан бизнеске олуттуу таасир эткен.
TikTok — кыска видеолорду көрүү жана жаратуу үчүн арналган социалдык тармак. Ал ByteDance компаниясына таандык болуп, көңүл ачуучу кыска видеолор, тренддер жана челленждер үчүн платформа болуп саналат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


