Бишкектеги ЦУМдун жанындагы курулуш бузулат. Фонтандар кайра өз ордуна коюлат

Сүрөт: "АКИпресс".

Бишкектеги ЦУМдун алдындагы фонтан аймагы калыбына келтирилет, ал эми учурда металл конструкцияларынан курулуп жаткан имарат бузулат. Мындай тапшырманы Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык кызматтарга берди.

Мэр 19-февралда аймакты жеринде кыдыруу учурунда билдиргендей, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго туура келбейт.

Анын айтымында, долбоор шаар куруу кеңешинин жыйынында каралган кезде негизги көңүл жер алдындагы унаа токтотмо жайына жана жер алдындагы өтмөктөргө бурулган. Бирок учурда курулуп жаткан конструкция талкууланган эмес жана мурда сунушталган чечимдерге шайкеш келбейт.

«Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү, биз бир нече жолу эскерткенбиз. Бул долбоорду талкуулаганда өзгөчө басым жер алдындагы паркингге жана өтмөктөргө жасалган. Азыркы курулуш болсо каралган эмес. Эскиздик долбоор бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан иштерге дал келбейт. Шаардын борборундагы мындай курулуштарга кандай баа бересиздер?» — деп адистерге кайрылды Джунушалиев.

Эскиздерди карап жатып, мэр азыр курулуш жүрүп жаткан фонтан аймагына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, фонтан сакталат деген убадалар тургузулуп жаткан конструкцияны эске алганда күмөн жаратат.

Андан соң ал мэриянын кызматкерлери менен бирге түздөн-түз курулуш аянтчасына барып, ЦУМдун өкүлдөрүн жана архитекторлорду чакырууну өтүндү. Долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого адистер азыркы каркас объектти көрсөтүлгөн параметрлерде курууга жол бербей турганын билдиришти.

«Мындай каркас менен сунушталган көлөмдөгү объектти ишке ашыруу мүмкүн эмес. Конструкцияны бузуп, эскиздик иштелмелерге ылайык кайра жасоо зарыл. Курулган нерсенин баары эскизге туура келбейт», — деп түшүндүрүштү алар.

Буга жооп иретинде Джунушалиев шаарда ишке ашырылган «Жаштык Арена», «Алга Арена» жана жаңы таштанды өрттөөчү завод сыяктуу долбоорлорду мисал келтирип, алар курулуп бүткөндө бекитилген эскиздерге толук шайкеш болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул объектке карата да башынан эле ушундай талаптар коюлган.

«Эгер эскизге ылайык жакшыраак кура албасаңар, анда фонтанды кайра калыбына келтиргиле», — деди мэр.

Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалдык кызматтарга үч күндүн ичинде курулуп жаткан конструкцияны демонтаждоону камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Бузуу иштери курулуш жүргүзгөн компаниянын эсебинен аткарылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз