Нурлан Закиров мурдагы кызматына кайтты
Нурлан Закиров Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Ханбийке Асанова ээлеп турган.
Нурлан Закиров буга чейин социалдык тармак боюнча вице-мэр болуп иштеген, андан мурун ушул эле бөлүмдүн башчысы болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


