Нургазы Анаркулов СИЗО-1ге камалды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 19-февралда Нургазы Анаркуловду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул маалыматты 20-февралда «Сводка АКИpress» басылмасына райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.
Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүнү уюштуруу») боюнча шектелүүдө. Анаркулов 10-апрелге чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.
Анаркулов мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адам катары айтылып келет.
9-февралда социалдык тармактарда жана ЖМКларда президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна 75 жаран кол койгон кайрылуу жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Кайрылууда Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгесин көтөрүү өтүнүчү камтылган. Ага илим өкүлдөрү, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгону айтылган.
ИИМ билдиргендей, кайрылуудагы айрым билдирүүлөр коомчулук арасында кеңири талкуу жаратып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчуткан.
11-февралда «Элдик парламенттин» координатору, премьер-министрдин Аппаратынын мурдагы жетекчиси Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев кармалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


