Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды
22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Кундузбек Сулаймановдун Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы келип түшкөн.
БШК бул маалыматты тастыктап, анын арызы бүгүн, 23-февралдагы жыйында караларын билдирди.
№14 шайлоо округу боюнча талапкерлердин добуш берүү жыйынтыгындагы рейтингине ылайык, анын ордуна 6605 добуш алган Дүйшенбиев Райымберди Сейдакматович келиши мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


