Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппарат башчысы болуп дайындалды

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев тиешелүү тескемеге кол койду.

Буга чейин Алмасбек Абытов Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз