Президент бир катар жооптуу кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдар ыйгарылды:
    •    Улан Омоканович Ниязбековго — «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы ыйгарылды (ИИМдин башчысы);
    •    Жумгалбек Кумарович Шабданбековго — «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (УКМКнын төрагасы);
    •    Акылбек Закирович Намазовго — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (УКМК төрагасынын орун басары);
    •    Уранбек Аманович Шадыбековго — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (УКМК төрагасынын орун басары);
    •    Тариэл Зарылбекович Отонбаевге — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (Коргоо министринин орун басары);
    •    Талайбек Имашович Шаршеевге — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (Коргоо министринин орун басары);
    •    Талантбек Медербекович Талиповго — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (Аба чабуулуна каршы коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы);
    •    Алишер Ташбаевич Эрбаевге — «генерал-майор» жогорку аскердик наамы ыйгарылды (УКМК төрагасынын орун басары);
    •    Малик Маамыталиевич Бектургановго — «юстициянын генерал-майору» атайын наамы ыйгарылды (Башкы прокурордун биринчи орун басары).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз