Оморбек Торобаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Оморбек Торобаев Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
«Буга чейин бул кызматты Адилет Шаршеналы уулу ээлеп турган», - деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Резюме
Туулган жылы: 1978-жылдын 9-ноябры
Улуту: кыргыз
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн
Билими
Жогорку билимдүү. Кыргыз-Өзбек университети
Факультети: Финансы-экономика
Адистиги: бухгалтер-аудитор
Эмгек жолу
• 2000–2003-жж. — «Ош Теплокоммунэнерго» ишканасында эсептөөчү бухгалтер.
• 2003–2004-жж. — «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык өндүрүштүк ишканасында экономист.
• 2004–2006-жж. — «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык өндүрүштүк ишканасында башкы бухгалтер.
• 2006–2007-жж. — Ош облусунун каржы-экономика башкармалыгында экономика бөлүмүнүн башчысы.
• 2007–2013-жж. — Араван району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
• 2013–2015-жж. — Өзгөн району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
• 2015–2018-жж. — Ноокат району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
• 2018–2023-жж. — Ош шаары жана Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
• 2023–2024-жж. — Ноокат району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
• 2025-ж. — Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын инспектору.
• 2025-ж. — Кара-Суу району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы.
Сыйлыктары: Салык кызматынын отличниги.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


