Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин эки жаңы депутатын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-февралда №15 Шайлоо шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп Жайлообай Нышановду каттады.

Ошондой эле №14 шайлоо округунан Раимберди Дүйшенбиев парламенттин депутаты болуп катталды.

Буга чейин №15 округдан Нурланбек Тургунбек уулу, ал эми №14 округдан Кундузбек Сулайманов депутат болуп келген. Алар өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан.

Тургунбек уулу мандатын саламаттыгына байланыштуу тапшырганын билдирген.

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы 2025-жылдын декабрында ишин баштаган. 2026-жылдын февраль айынан бери төрт депутат алмашты: Элдар Сулайманов, Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов мандаттарын тапшырышса, Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз