Эльнар Субакожоев санариптик өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды

Эльнар Субакожоев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Эльнар Субакожоев эмгек жолун 2008-жылы MegaCom компаниясында байланыш борборунун стажёру болуп баштаган. Телекоммуникация тармагындагы ишмердиги учурунда жогорку жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеп, радиожыштыктар боюнча ачык соодалар үчүн онлайн-платформаны ишке киргизген. Жыштыктарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкын механизмин киргизүү мамлекеттик бюджетке туруктуу киреше түшүүсүн камсыз кылган.

2024-жылдан 2026-жылдын февраль айына чейин мамлекеттик байланыш оператору — MEGA (ЖАК «Альфа Телеком») компаниясын жетектеген. Бул мезгилде компания алгач ирет 2,2 миллиондон ашык активдүү абонентке жетишип, кирешесин көбөйткөн. Натыйжада мамлекетке төлөнгөн салыктардын жана дивиденддердин көлөмү да арткан.

2024-жылы байланыш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бул дайындоо өлкө боюнча санариптик трансформацияны күчөтүүгө жана жеткиликтүү, заманбап технологиялык кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз