Эрназар Акматалиев 8 жыл дегенде Азия чемпиону болду

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев 2025-жылы Иорданияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду, деп жазат "Спорт АКИпресс".

Ал Амман шаарында өткөн эркин күрөш боюнча турнирде 70 кг салмак категориясында күч сынашып, төрт жеңишти удаасы менен камсыздап, карьерасында биринчи жолу Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип алды.
 
Спорттук карьерасынын башаты
 
Акматалиев чоңдор арасындагы Азия чемпионатына биринчи жолу 2018-жылы Бишкекте өткөн мелдеште катышкан. Анда ал 65 кг салмак категориясында күрөшүп, баштапкы беттешинде Кытай Тайбэйинин балбанын уткан. Бирок андан кийинки айлампада казакстандык Даулет Ниязбековго жеңилип, утулгандар арасындагы беттеште да ийгиликке жетпей, жыйынтыгында 7-орунду ээлеген.
 
2019-жылы дагы Азия чемпионатына катышып, алгачкы айлампада Кытай Тайбэйинин балбанын утса да, кийинки кармашта казакстандык Саятбек Окасовго жеңилип калган. Утулгандар арасындагы мелдеште бахрейндык балбанга утулуп, дагы 7-орун менен чектелген.
 
2020-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамына кирбей калгандыктан, чемпионатка катышкан эмес.
 
Олимпиадалык лицензиялар жана ийгиликтер
 
2021-жылы Акматалиев Азиянын лицензиялык турнирин утуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган. Ошол эле жылы ал 70 кг салмак категориясына өтүп, дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтө баштады. 32 күндүн ичинде алгач дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, андан соң U-23 дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болду.
 
2022-жылы Монголиядагы Азия чемпионатында финалга чейин жетип, жапон балбаны Таиши Нарикуниге жеңилип, күмүш медалга ээ болгон.
 
2023-жылы Египетте өткөн лицензиялык турнирин жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо алган. Ал эми ошол жылдагы Азия чемпионатына Орозобек Токтомамбетов барып, коло медалды жеңип алган.
 
2024-жылы Бишкекте өткөн лицензиялык турнирде дагы жеңишке жетишип, Олимпиадага катышуу укугун тастыктаган.
 
Азия чемпионаты – 2025
 
Иорданиядагы мелдеште Акматалиев 1/8 финалда казакстандык Начын Кууларды курч кармашта жеңип, 1/4 финалда өзбекстандык Бегижон Кулдашевди 7:1 эсебинде уткан.
 
Жарым финалда ал жапон балбаны Йошиносуке Аояге менен беттешип, татаал кармаштан соң 8:8 эсеби менен жеңишке жетип, финалга чыккан.
 
Ал эми чечүүчү финалдык кармашта Тажикстандык Виктор Рассадин менен күрөшүп, экинчи периоддо эсепти теңеп, соңунда жеңишти камсыздап, алтын медаль тагынды.
 
Тарыхый жетишкендик! Эрназар Акматалиев чоңдор арасындагы Азия чемпионатында биринчи жолу жеңүүчү аталды!

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз