Бишкекте жигиттер ооз ачууга жетишиш үчүн милицияга чалышкан

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде жаш жигиттер 102 кызматына телефон чалып, ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунун аймагындагы тыгындарды жөнгө салууну милиция кызматкерлеринен сураган видео тарады.

Жигиттер ооз ачууга кечигип калуудан кооптонушкандыктан, милициядан жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Бишкек шаарынын ИИББсынын басма сөз кызматы 27-февралда билдиргендей, 102 кызматына чакыруу 25-февралда болжол менен саат 18:40та түшкөн. Чалган адам өзүн Улан деп тааныштырып, Чүй проспектиси менен Юсуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде автоунаалардын тыгыны пайда болгонун айткан.

Окуя болгон жерге патрулдук милициянын экипажы жөнөтүлгөн.

ИИББдан белгилешкендей, ар бир жаран милицияга кайрылууга укуктуу, ал эми укук коргоо органдары ар бир кайрылууга милдеттүү түрдө жооп берүүгө тийиш.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз