Ош мэриясына жаңы аппарат башчы келди
Мыктыбек Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Буга чейин Масуда Айдарбекова Ош мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


