Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранга издөө жарыяланды
Оор кылмышка шектелген жаран издөөгө жарыяланды. Бул тууралуу 2-март күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук районунун социалдык кызматкери милицияга кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») боюнча каттоого алынды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка «Турат» деп өзүн тааныштырган жаран шектелип жатканы аныкталган. Ошондой эле анын ысымы Жумаев Турат Касымович (1979-жылы туулган) деп айтылып жүргөнү белгилүү болгон.
Шектүү жаран издөөгө жарыяланды. Милиция аны көргөн же кайсы бир маалыматка ээ болгон жарандарды төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабар берүүгө чакырат:
0 (501) 93-55-34,
0 (3132) 6-62-61 жана 102.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


