Эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери улантылууда

Эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери  улантылып жатат.Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталаган базардын соодагерлерин көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бардык тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү жумуш алып барылууда.

Буга чейин Ош мэриясы «Келечек» базары 2026-жылдын 1-мартынан баштап көчүрүүлөрүн эскертип келген. 28-февраль күнү кечинде базар жабылып, соодагерлердин нааразычылыгын жараткан. 1-марттан тартып базардын сатуучулары жаңы «Келечек» базарына көчө башташкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз